Казакстан Кыргызстанга жаңы элчи дайындады

Казакстан Кыргызстанга жаңы элчи дайындады

Казакстан Кыргызстанга жаңы элчи дайындады. Тиешелүү жарлыкка коңшу өлкөнүн президентти Касым-Жомарт Токаев кол койгон.

Маалыматка ылайык, Рапиль Жошыбаев Казакстандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Ал эми Кайрат Нурпеисов Казакстандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулган.

Рапиль Жошыбаев 1963-жылы 22-августта жарык дүйнөгө келген. Буга чейин ал «Жашыл технологиялар жана инвестициялык долбоорлор» эл аралык борборунун башчысы кызматын аркалаганы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>