Site icon Reporter.kg

Казакстан менен Өзбекстандан электр энергиясын алуу макулдашылды

Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли кооптуу чекке жетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев айтты.

Министр белгилегендей, электр энергиясын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн коңшу өлкөлөрдөн алып келүү жана ички керектөөнү азайтуу каралган.

«Башында Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли кооптуу чекке жетти деп айтканбыз. Азыр ошол чектен чыгарыш үчүн ар кандай чараларды көрүп жатабыз. Казакстан, Өзбекстан менен сүйлөшүп, бир миллиард киловатт-саат электр энергиясын алууга макулдаштык. 1-мартта импорттоо башталып, бүгүнкү күндө эки өлкөдөн 120 миллион киловатт кирди. Муну алууда мурдагыдай эле товар алмашуу механизмин колдондук, тагыраак айтканда, үч жылга карызга алдык. Бул аралыкта кайра товар түрүндө кайтарып беребиз. Сатып алган жокпуз», — деди Турдубаев.

Анын айтымында, Токтогул ГЭСинде былтыркы мезгилге салыштырмалуу суунун көлөмү 3 миллиард кубга аз.

«Биз жок дегенде былтыркынын ордун толтуруу үчүн быйыл 3 миллиард киловатт-саатка үнөмдөп же кошумча табышыбыз жана ички керектөөнү азайтышыбыз керек. Учурда аны аткаруунун иш планын карап жатабыз», — деди министр.

Мындан сырткары, министр Бишкек ТЭЦинен электр энергиясын өндүрүүнү дагы бир миллиард киловатт-саатка көбөйтүп, көлөмүн 2 миллиард 505 миллион киловаттка жеткирүү пландалып жатканын белгиледи.

Exit mobile version