Site icon Reporter.kg

Казакстан менен Өзбекстандын аскер суучулдары биргелешкен машыгуудан өттү

Казакстандын Актау шаарындагы Аскер-деңиз флотунун окуу-суучулдар комплексинде Казакстан жана Өзбекстандын аскер суучулдары биргелешкен машыгуудан өтүштү.

Жумалык машыгуу учурунда катышуучулар тажрыйбалуу инструкторлордун жетекчилиги астында теориялык жана практикалык сабактарды өздөштүрүштү. Иш-чаранын соңунда бардык катышуучулар тиешелүү сертификаттарга ээ болушту.

Аскердик даярдык эки багытта жүргүзүлдү: суу астындагы техникалык жана авариялык-куткаруу иштери боюнча адистер, ошондой эле күжүрмөн сууда сүзүүчүлөр тобу өз көндүмдөрүн бекемдешти.

Бул машыгуу эки өлкөнүн коргонуу тармагындагы кызматташтыгын жана өз ара ишенимин бекемдөөгө багытталган.

Exit mobile version