Казакстан: насыяларды кечүү тууралуу он миңдеген адам өтүнүч кылды

Казакстан: насыяларды кечүү тууралуу он миңдеген адам өтүнүч кылды

Нур-Султан шаарында 4-августта активист Жанболат Мамай баштаган Демократиялык партия түзүү боюнча демилгелүү топтун мүчөлөрү Акордонун алдына чогулушту.

Алар президенттик администрацияга насыяларды кечүү тууралуу «97 миңден ашык» кишинин өтүнүчүн тапшыруу үчүн келишкенин билдиришти.

Чогулгандардын алдына чыккан Акордонун өкүлү «карантиндик чектөөлөр» бар экенин, имаратка эки-үч гана кишинин кирүүсүнө уруксат экенин айтты.

Көп өтпөй Мамай «Фейсбук» баракчасына президенттик администрацияга жарандардын өтүнүчтөрү тапшырылганын жазды.

Былтыр күзүндө негизделген Демократиялык партия түзүү боюнча демилгелүү топ акыркы бир нече айдан бери жарандардын насыясын кечүү маселесин көтөрүп келет. Айрым талдоочулар насыя алгандарга мунапыс берүүнү популисттик идея деп атап келишет.

Өткөн жылы бийлик көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 300 миңге теңге (болжол менен 780 доллар) насыясын кечкен. Анда айрым жарандар буга салык төлөөчүлөрдүн акчасы жумшалганына нааразылык билдиришкен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>