Site icon Reporter.kg

Казакстан никаб кийүүгө тыюу салган мыйзам долбоорду жактырды

Казакстандын парламентинин мажилиси коомдук жайларда жүзүн жашырган кийимдерди кийүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун акырында жактырды. Документ парламенттин эки палатасы тарабынан жактырылгандан кийин президент Касым-Жомарт Токаевдин кол коюусуна жөнөтүлдү.

Мыйзам долбоору менен “Укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилет. Тыюу адамдын өздүгүн аныктоону кыйындаткан кийимдерди колдонуу менен жасалган укук бузуулардын алдын алууга багытталган. Медициналык беткаптарга, жарандык коргонуунун жабдууларына, мыйзамдарды аткарууга, аба ырайынын шарттарына, массалык иш-чараларга катышууга байланыштуу учурларга өзгөчө шарттар каралган.

Exit mobile version