Site icon Reporter.kg

Казакстан: Окуучуларды соц тармак аркылуу окутууну пландоодо

Казак бийлиги мектеп окуучуларына Facebook, Instagram жана WhatsApp аркылуу билим берүүнү пландап жатканын Казакстандын билим берүү министри Асхат Аймагамбетов билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

«Мен Facebook, Instagram, WhatsApp мессенджери сыяктуу социалдык тармактарды камтыган Meta компаниясынын өкүлдөрү менен жолугуштум. Биз аталган социалдык тармактардын мейкиндигинде кызматташуу жана билим берүү тармагын жайылтуу маселелерин талкууладык», — деп билдирди министр Аймагамбетов социалдык тармактагы баракчасында.

Ал айрыкча казак тилиндеги билим берүүнүн мазмунун жайылтуу, балдарды туура эмес мазмундан коргоо маселесин чечүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Министр ошондой эле казакстандык мугалимдердин социалдык тармактарды активдүү колдонуп, өз оюн айтып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүп жатканына көңүл бурду. Ошол эле учурда алар балдарды окутуу үчүн реалдуу аянтчаларды колдонушат.

Билим берүү министрлиги мугалимдердин демилгелерин жана мектеп окуучуларын заманбап ыкмалар менен окуу процессине тартуу каалоолорун колдойт.

Метанын Борбор Азиядагы коомдук байланыштар боюнча башкаруучу директору Джордж Чен жана анын кесиптештери да казакстандык педагогдордун жана ата-энелердин социалдык тармактардагы активдүүлүгүн белгилешип, тарбиячылар үчүн атайын тренингдерди өткөрүүнү сунушташты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version