Site icon Reporter.kg

Казакстан: Орусиянын Украинага кол салуусун колдогон депутат партиядан чыгарылды

Орусиянын президенти Владимир Путиндин саясатын жана Украинага кол салуусун колдогон Казакстан парламентинин мажилис депутаты Азамат Абилдаев «Ак жол» партиясынын катарынан чыгарылды. Бул тууралуу партиянын 19-январда жарыяланган пресс-релизинде жазылган.

Маалыматка караганда, партия Абилдаевдин депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу өтүнүчү менен Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылды.

Азамат Абилдаев 19-январда «Азаттыктын» казак кызматына комментарий берип, аны партиядан чыгаруу чечими менен макул экенин айтты.

«Шайлоонун алдында бир эле сөзүм менен партияны ыңгайсыз абалга калтыргым келбейт. Алардын чечими менен макулмун. Эч кимге таарынычым жок. Бирок биз бир нерсени түшүнүшүбүз керек – «национал-патриоттор» деп атып Украинадай болуп калбасак болду», – деди Абилдаев.

Казакстан парламентиндеги үч партиянын бири эсептелген «Ак жол» партиясы өз депутатынын Украинадагы согуш тууралуу билдирүүсүнөн кийин улуттук кеңештин пленумун чакырарын кабарлаган. Партиянын төрагасы Азат Перуашев telegram-каналына Абилдаевдин билдирүүсү «Ак жол» партиясынын позициясына каршы келерин, ошондой эле ал «партиялык жана депутаттык этиканы бузарын» жазган.

«Ак жол» партиясы дайыма өлкөбүздүн жана башка ынак мамлекеттердин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн колдойт», – деп белгиледи Перуашев.

Азамат Абилдаев «Азаттыктын» казак кызматына берген маегинде Украинага кол салган Орусияны колдой турганын айткан. Анын маектеги риторикасы Кремлдин пропагандалык билдирүүлөрүн эске салган. Депутаттын партиялаштары бул анын «жеке пикири» экенин билдиришкен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version