Site icon Reporter.kg

Казакстан: Осакаров району “Сарыбел” тарыхый аталышын алды

Тарыхый ысым Караганды облусунун районуна кайтарылганын Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министрлиги билдирди.

«Караганды облусунун Осакаров району өзгөртүлөт. Жергиликтүү тургундар “Сарыбел” тарыхый аталышын кайтарып берүү маселесин жыйырма жылдан бери көтөрүп келишет. Бүгүн Казакстан  Өкмөтүнө караштуу Республикалык ономастикалык комиссия бир добуштан оң чечим кабыл алды», — деп айтылат дүйшөмбү күнү билдирүүдө.

Маданият жана спорт министри Даурен Абаев ономастика маселелери чоң социалдык мааниге ээ экенин белгиледи.

«Бардык сунуштар эксперттик жана илимий коомчулуктун өкүлдөрүнүн, ошондой эле жергиликтүү тургундардын катышуусунда каралат. Акыркы убакта комиссия бир катар маанилүү чечимдерди кабыл алды, аларда биринчи кезекте жарандардын пикири эске алынды», — деди министр.

Exit mobile version