Site icon Reporter.kg

Казакстан: Парламенттик шайлоого 12 млн жаран катыша алат

Казакстанда 19-мартта өтө турган мажилис жана маслихат депутаттарын шайлоодо 12 миллиондон ашык жаран добуш бере алат. Бул тууралуу 27-февралда өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.

БШКнын маалыматына караганда, шайлоочулар каалаган шайлоо тилкесинде добуш берүүгө укук берген атайын күбөлүктөрдү 4-марттан 18-мартка чейинки аралыктан алса болот. Ошол эле маалда, жарандар бир мандаттуу округдар боюнча катталган талапкерлерге ошол аймактарда гана добуш бере алары белгиленген.

Мындан тышкары, парламент мажилисине талапкерлерин көрсөткөн партиялардын дебаттары өтө турган күндөр белгилүү болду. Дебаттар мамлекеттик «Хабар» телеканалында көрсөтүлөт. Ага өлкөдө каттоодон өткөн жети партиянын өкүлдөрү катышат: «Аманат», Respublika, «Ак жол», «Ауыл», «Казакстандын элдик партиясы», «Байтак» жашылдар партиясы жана Жалпы улуттук социал-демократиялык партиясы.

2022-жылы өткөн президенттик шайлоонун алдындагы дебаттарга республикалык бюджеттен 63 миллион теңге бөлүнгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version