«Казакстан» шахтасында жумушчунун сөөгү көмүр төгүлгөн жерде табылды

«Казакстан» шахтасында жумушчунун сөөгү көмүр төгүлгөн жерде табылды

Караганды облусундагы «Казакстан» шахтасында бир жумушчу каза болду. Бул тууралуу ал кенди иштетип жаткан «АрселорМиттал Темиртау» компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 16-ноябрда болгон окуяны териштирүү үчүн мамлекеттик комиссия түзүлдү. Компаниядан жумушчунун өлүмүнүн себептерин билдиришкен жок.

Жергиликтүү басылмалардын билдиришинче, жумушчунун сөөгү көмүр төгүлгөн жерде табылган.

6-ноябрда Караганда облусунда «АрселорМиттал Темиртау» компаниясына таандык «Саранск» көмүр кенинде бир жумушчу мерт болгон. Компания өкүлдөрү жумушчу кокустуктан улам каза болгонун билдиришип, окуяны териштирүү үчүн комиссия түзүлгөнүн айтышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>