Site icon Reporter.kg

Казакстан: Шайлоодогу мыйзамсыз иштерге каршы чыккан киши камалды

Казакстандын Мажилистин депутаттыгына өзүн-өзү талапкерлигин көрсөтүп чыккан Думан Мухаметкарим шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого каршы чыкканы үчүн камакка алынды. Бул тууралуу КазТаг парламенттин депутаттыгына талапкер Динара Егеубаевага шилтеме берип жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Думан Мухаметкарим шайлоодогу мыйзамсыз иштерге каршы чыккандыгы үчүн 25 күнгө камалды.

Буга чейин шайлоодо бир катар мыйзамсыз иштер болгону кабарланган. Бюлетендер өз убагында саналбаганы, депутаттыкка талапкердин ишенимдүү адамына шайлоо комиссиясынын кызматкерлери тарабынан кол салуу болгону да айтылган.

19-мартта Казакстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү. Шайлоого өлкөдө катталган жети партия тең: «Аманат», «Ауыл», «Республика», «Казакстан элдик партиясы», «Байтак», «Ак жол», Улуттук социал-демократиялык партиялар катышты.

Мажилистин депутаттарынын 70% партиялык тизме менен, 30% бир мандаттуу округдардан шайланат. Бийликтин жергиликтүү өкүлчүлүк органдарына (маслихаттарга) шайлоо 50 пайыздан 50 пайызга чейинки катышта аралаш система боюнча өткөрүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Казакстанда парламенттик шайлоо аяктады

Exit mobile version