Site icon Reporter.kg

Казакстан Тайванды Кытайдын ажырагыс бөлүгү деп эсептейт

Казакстан Тайванды Кытайдын ажырагыс бөлүгү деп эсептейт. Бул туурасында Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров жергиликтүү басылмаларына билдирди.

«Казакстан Республикасы «бир Кытай» принцибин колдойт жана Тайванды Кытай Эл Республикасынын аймагынын ажырагыс бөлүгү деп эсептейт», — деди Смадияров бейшемби күнү КазТАГ агенттигине.

Ал Казакстан эл аралык укуктун колдонуудагы нормаларын жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставын сактоону жактай турганын, атап айтканда, бул маселеде БУУнун Башкы Ассамблеясынын 1971-жылдагы No2758 резолюциясын карманып жатканын белгиледи.

«Чет мамлекеттердин расмий делегацияларынын Тайванга барышы Кытай өкмөтү менен макулдашылышы керек деп эсептейм», — деп кошумчалады Смадияров.

Эске салсак, буга чейин 2-августта АКШнын бийлик иерархиясынын үчүнчү адамы, Конгресстин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга расмий Пекиндин нааразычылыгына карабай барган жана бул аймактагы чыңалуунун жаңы айлампасына алып келген жана Кытай менен АКШнын ортосунда чыңалууну күчөткөн.

Exit mobile version