Site icon Reporter.kg

Казакстан Тажикстан менен дан тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөдө

Казакстандын айыл чарба министри Айдарбек Сапаров Тажикстандын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Хайрулло Ибодзода жана тажик айыл чарба бизнесинин өкүлдөрү менен жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Тажикстанга казак эгиндерин жеткирүүнүн келечегин талкуулашты. Ошондой эле дан рыногу боюнча маалымат алмашуу жана айыл чарба тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери козголду.

Exit mobile version