Site icon Reporter.kg

Казакстан: Токаев кырдаалга байланыштуу билдирүү жасады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Мангистау облусундагы кырдаал боюнча билдирүү жасаганын Tengrinews.kz жазып чыкты.

Коңшу өлкөнүн башчысы Актауда өкмөттүк комиссия ишин баштаганын билдирди.

«Актауда өкмөттүк комиссия ишин баштады, анын курамына президенттик аппараттын кызматкерлери да кирди. Республикалык оперативдүү штаб туруктуу негизде иш алып барууда. Комиссияга  маселенин эки тарапка тең  пайдалуу чечимин табуу тапшырылды. Укук коргоо органдарына коомдук тартипти болтурбоо тапшырмасы берилди. Жоопкерчиликти жана диалогго даярдыгын көрсөтүшү керек”, — деп жазды Токаев Твиттерде.

Буга чейин, 2-январда Жаңы-Өзөндүн тургундары суюлтулган газдын баасын арзандатуу талабы менен көчөгө чыгышкан. Кийинчерээк Актау шаарынын көчөлөрүндө да акциялар башталган. Митингчилер жолдорду бууп алышкан болчу.

Exit mobile version