Казакстанда өрттөн бир жашка чыга элек наристе чарчап калды

Казакстанда өрттөн бир жашка чыга элек наристе чарчап калды

18-февралга караган түнү Казакстандын Кызылордо шаарындагы турак үйлөрдүн биринде чыккан өрттөн бир жашка чыга элек наристе чарчап калды.

Облустук өзгөчө кырдаалдар департаментинин маалыматына караганда, кырсык болгон учурда үйдө наристенин апасы жана төрт бир тууганы болгон. Алар сыртка качып чыгууга үлгүрүшкөн.

— Өрт өчүрүүчүлөр 2020-жылы төрөлгөн наристенин сөөгүн табышты. Апасы төрт баласын куткарып калууга жетишкен, атасы үйдө жок болгон, — деди мекеменин басма сөз катчысы Алия Ережепова.

Анын айтымында, балдардын апасы 3%, үч жаштагы кызы 1% күйүк алган. Калган балдары жабыркаган эмес.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатат.

Эки жыл мурда Нур-Султан шаарынын жака-белинде өрттөн бир тууган беш кыз мерт болгон. Алардын улуусу 12 жашта, кичүүсү тогуз айлык болгон. Өрт чыккан маалда балдар үйдө өздөрү болушкан, ата-энеси түнкү нөөмөттө иштеп жүрүшкөн.

Бул окуядан кийин өлкөдө көп балалуу энелер социалдык камсыздандырууну жакшыртуу, жеңилдиктерди берүү жана турак жай маселелерин чечип берүү талаптары менен нааразылык акцияларын өткөрө башташкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>