Site icon Reporter.kg

Казакстанда 10-январь Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды

10-январь Казакстанда Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Мындай чечимди президент Касым-Жомарт Токаев бир катар аймактарда болгон кайгылуу окуялардын натыйжасында көп сандаган адам курмандыгына байланыштуу кабыл алганы такталган.

Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын алгачкы күндөрүндө башталган. Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн жана Актау тургундары суюлтулган газдын кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка шаарларга да жайылган. Өлкөнүн шаарларында абал акырындык менен турукташууда. Интернетке кирүү калыбына келтирилди.

Президент Касым-Жомарт Токаев республикага өзгөчө кырдаал киргизип, өкмөттү отставкага кетирип, Коопсуздук кеңешин жетектеди. Анын өтүнүчү менен ЖККУ өлкөлөрү Казакстанга бейпилдик күчтөрүн жөнөткөн. Ал жакка Кыргызстандан “Скорпион” атайын күчтөрү жөнөтүлгөн.

Exit mobile version