Site icon Reporter.kg

Казакстанда 12 жашар баланы ит талап өлтүрдү

Актөбөдө иттер 12 жаштагы баланы талап өлтүргөн. Бул туурасында КазТАГ жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 9-июнь күнү Эсет-Батыр конушунун №3 кичирайонунун аймагында курулуп жаткан объектилердин биринин айланасынан12 жаштагы баланын сөөгү табылган. Уюган кан, башынын, денесинин, колу- бутунун көп жолу таланганынан улам каза болгондугу аныкталып, кылмыш иши козголгон.

Бир катар соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

«Сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат», — деп кошумчалашты милициядан.

Exit mobile version