Казакстанда 13 айдан турган жаңы календарь түзүлдү

Казакстанда 13 айдан турган жаңы календарь түзүлдү

Нур-Султан шаарында жаңы календардын презентациясы болду. Анын автору академик Сайлыбай Бекбулатов. Бул тууралуу «Хабар 24» агенттиги жазды.

Жаңы календардын салттуу Григориан менен негизги айырмачылыгы, анын 13 айлыгы бар. Ал академик узак мезгилдер бою изилдеп келген байыркы түрк мезгилдүү календарынын негизинде түзүлгөн.

Жаңы календардын долбоору «Дүйнөлүк ачылыш» конференциясынын катышуучулары тарабынан талкууланды. Айрым окумуштуулар Григориан календарынын илимий негизи жок деп эсептешет.

«1923-жылы Женевада өткөн Улуттар Лигасынын жыйынында календардык реформа боюнча атайын эл аралык комитет түзүү чечими кабыл алынган. Андан бери 400 календардык долбоор сунушталды. Бирок эч кимиси кабыл алынган жок. Бүгүн биз 401-долбоорду тааныштырабыз. Бул дүйнө жүзү боюнча туруктуу, өзгөрүлбөс календарь», — деди профессор Адил Ахметов.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>