Казакстанда 21 жаштагы баланы зордуктап, денесине ысык үтүк басышкан

Казакстанда 21 жаштагы баланы зордуктап, денесине ысык үтүк басышкан

Казакстандын Нур-Султан шаарында эки эркек киши 21 жаштагы баланы түнү менен зордуктап, кур менен муунтуп, денесине ысык үтүктү басып кыйнаган. Жабырлануучу качып кутулуп, полицияга кабар бергенге үлгүргөн.

Жергиликтүү полиция департаменти билдиргендей, кордолгон 21 жаштагы бала баш мээсинен жараат алып, бир нече жери сынган, денеси көгала, көп жери күйгөн.

Шектүүлөр жабырлануучудан ири суммадагы акча да талап кылган.

Бул факты боюнча «сексуалдык мүнөздөгү зомбулук», «опузалоо», «эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу» беренелери менен кылмыш иши козголду. Тергөө уланууда.

Булак: жебе.медиа

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>