Site icon Reporter.kg

Казакстанда 27 адамга коронавирус жукту

Казакстандын Нур-Султан шаарында коронавирус жуктурган дагы 14 адам катталды.  Бул тууралуу аталган мамлекеттин Саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов кабарлаганын Tengrinews.kz жазды.

«Бүгүн Нур-Султанда коронавирусту жуктуруп алган 14 жаңы жагдай катталды. Алар учурда карантин мекемесине жаткырылды. Ошондой эле алар менен байланышта болгон бардык адамдар аныкталууда», — деп билдирди министр.

Жалпысынан Казакстанда вирусту жуктуруп алган адамдардын саны 27ге жетти. Ал эми дагы бир коронавирус жуктуруп алган казакстандык Германияда дарыланууда.

Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев коронавирустун жайылышын токтотуу үчүн бир айлык өзгөчө кырдаал жарыялаган.

Exit mobile version