Казакстанда 5 миң теңгелик жаңы банкнота чыгарылды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазды.
Жаңы дизайндагы акча «Сак стили» сериясындагы биринчи банкнота болуп саналат. Ал 2024-жылдын март айынан тарта массалык колдонууга берилет. Ага чейин аймактарга жеткирүү, банкомат, терминал сыяктуу жабдууларды жаңы банкноткага ыңгайлаштаруу иштери жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, Казакстанда учурда да 5 миң теңгелик банкнота бар. Жаңы жана эски банкноталар 2024-жылдын 24-декабрына чейин бирдей колдонууда болот. Андан кийин эски үлгүдөгү акча 3 жыл бою банктар менен Казпочтада жаңысына алмаштырылат. Ал эми Улуттук банкттын өзүндө эски банкнотаны жаңысына алмаштыруу мөөнөтү чектелбейт.