Site icon Reporter.kg

Казакстанда 8-кабаттан кулай турган кызды куткарган адамга батир белек кылынды

Казакстанда сегизинчи кабаттын балконунда кулайын деп турган 3 жаштагы кызды куткарган Сабит Шонтакбаевге Нур-Султан шаарында үч бөлмөлүү батир берилди, деп жазат «Казинформ».

Сабит Шонтакбаев белек кылган G-парк компаниясынын жетекчисине ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, ал аким Алтай Кульгинов менен жолугуп, ал аны заводго ишке орноштурууга убада берди.

Мындан тышкары, демөөрчүлөр Шонтакбаевдин баардык насыяларын жабууга жардам беришмекчи. Шонтакбаев жакында эле Кызыл-Орда облусунан борбор калаага иш издеп келген. Жубайы 4 баласы менен Кызыл-Ордада калган.

Мен ал кыздын ата-энесин дагы көргөн жокмун. Ал окуядан кийин дароо эле жумушка кеткем. Мындай болуп кетерин эч ким билген эмес. Мен болгону кичинекей кызды куткарып койдум, а мени болсо жаңылыктардан баатыр деп атай башташты. Мындай учурда ар бир эле адам жардам бермек деп ойлойм”, — дейт ал.

 

Exit mobile version