Site icon Reporter.kg

Казакстанда акимчилик кызмат канчага бааланары айтылды

Казакстанда акимчилик кызмат үчүн 1,5 миллион доллар сунушташкан. Бул маалымат Улуттук коопсуздук комитетинин 30 жылдыгына арналган документалдык тасмада аталган комитеттин кызматкерлери тарабынан айтылганын Tengrinews.kz басылмасы жазды.

“Адамдар эч нерседен коркпой калышкан, өздөрүн жогорку кызматтагы чиновниктердин жардамчысы катары тааныштырышып, саясий кызматтарга дайындоо үчүн акча талап кылып башташкан. Ага быйыл Актобе шаарынын акими кызматына 1,5 миллион доллар сунушташканы мисал боло алат. Алар 30 миллион тенге аванс катары берип жатканда кармалышкан”, — деп айтылат тасмада.

13-июлда Улуттук коопсуздук комитетинин түзүлгөнүнө 30 жыл болгон. Президенттин телерадиокомплекси УККнын ишине арналган жаңы документалдык тасманы көрсөткөн. Тасма бул шилтемеде.

Exit mobile version