Site icon Reporter.kg

Казакстанда аял-күйөөнү өлтүргөн деп издөөдө жүргөн жаран Бишкектен кармалды

Казакстанда аял-күйөөнү өлтүргөн деп Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн жаран Бишкектен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, кармалган киши 34 жаштагы Казакстандын жараны (А.Р.). Ал 2018-жылы 29-октябрда Казакстандын Балхаш шаарында аял-күйөөнү өлтүргөн деп айыпталууда. Жоопкерчиликтен качуу үчүн ал 2018-жылдын аягында Токмок шаарынын тушунан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өткөн. Ошондон бери ал Кыргызстанда жашырынып жүргөн.

Ал УКМК тарабынан жакында эле, 24-февралда кармалып, тергөө абагына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Exit mobile version