Казакстанда бир суткада COVID-19дун 60, пневмониянын 140 жаңы учуру катталды

Казакстанда бир суткада COVID-19дун 60, пневмониянын 140 жаңы учуру катталды

Казакстанда 7-сентябрга карата коронавирус жуктургандар 106 361 кишиге жетти. Акыркы суткада илдет 60 адамдан лабораториялык жол менен аныкталып, жети бейтап каза болду.

Расмий маалымат боюнча бир суткада Нур-Султан жана Алматы шаарларында төрттөн, Атырау облусунда алты, Батыш Казакстан облусунда сегиз жана Чыгыш Казакстан облусунда 16 жаңы учур катталды. Ошол эле маалда Шымкент, Түркстан, Мангистау, Кызылордо жана Актөбө облустарында COVID-19 жуктурган бир дагы жаңы учур катталган жок.

Бул статистикага коронавирустун белгилери бар пневмония менен ооруп, бирок анализи таза чыккан бейтаптар кошулган жок. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги пневмония учурларын жана андан каза болгондорду 1-августтан баштап эсептей баштаган.

Мекеменин маалыматына караганда, акыркы суткада «коронавирус пневмониясы» 139 кишиден аныкталып, бир бейтап көз жумду. 37 күндүн ичинде жалпысынан мындай илдетке 27 762 адам кабылып, 314ү каза болду.

31-августтан тартып Казакстанда карантиндик чектөөлөр жумшартыла баштады. Бийлик диний объектилердин, спорттук залдардын, бассейндердин, музейлердин жана театрлардын ишине уруксат берди. Мындан тышкары жарандар үчун улуттук парктар жана коркутар ачылды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>