Site icon Reporter.kg

Казакстанда дагы эки адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда өпкөнү сезгенткен коронавирус илдетин жуктургандардын саны 6 адамга жетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин расмий өкүлү Даис Ахметшарип кабарлаган.

Маалыматка караганда, вирусту жуктуруп алган 62 жаштагы жеке ишкер 10-мартта Алматы шаарына Москвадан учуп келген. Вирусту жуктурган экинчи адам Нур-Султандан аныкталган.

13-мартта  Казакстандын 4 жаранынан коронавирус илдети аныкталганын өлкөнүн саламаттык саткоо министрлиги кабарлаган. Ооруну жуктургандардын баары Европадан учуп келишкен эле.

Exit mobile version