Site icon Reporter.kg

Казакстанда Дарига Назарбаева депутаттык ыйгарым укуктан ажыратылды

Сенаттын депутаты Дарига Назарбаеванын ыйгарым укуктары токтотулду. Тиешелүү буйрукка өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгону Акорданын сайтына жарыяланды.

Анда буйругунан тышкары, эч кандай маалымат айтылган эмес.

Дарига Назарбаева — Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы. Ал тунгуч президент мамлекет башчылыгынан кеткенден кийин  парламенттин сенатынын спикери болуп дайындалган.

Exit mobile version