Site icon Reporter.kg

Казакстанда эки адамдан коронавирус аныкталды

Казакстандын Алмата шаарында эки адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттык сактоо министри Елжан Биртановго таянып 24.kz басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, ооруну жуктуруп алгандардын бири 9-мартта, экинчиси 12-мартта Германиядан учуп келишкен.

Буга чейин казакстандык дарыгер Жандарбек Бекшин Казакстанга коронавирус 11-16-марттын аралыгында келерин айткан.

Exit mobile version