Казакстанда эки дарыгер жаңы төрөлгөн наристени өлтүргөн деп шектелүүдө

Казакстанда эки дарыгер жаңы төрөлгөн наристени өлтүргөн деп шектелүүдө

Казакстандын Атырау облустук төрөт үйүнүн жетекчиси менен акушер-гинекологу жаңы төрөлгөн ымыркайды өлтүргөн деп шектелүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн Коррупциягы каршы күрөшүү агенттигинин төрага орун басары Шынгыс Кабдула билдирди.

Анын айтымында, жарык дүйнөгө келген наристе дарыгерлердин шалакылыгынан улам өлүү төрөлгөн деп катталып калган.

Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинен билдиришкендей, баланын өлүмү тууралуу башкы дарыгерине карата башка иш боюнча тергөө жүрүп жаткан маалда кокусунан белгилүү болгон. Ал өзүнө пайдалуу чечим чыгартуу үчүн жергиликтүү соттук-медициналык экспертке 300 миң теңге өлчөмүндө пара берген деп айыпталып жаткан.

Маалыматка караганда, акушер-гинеколог телефон аркылуу наристенин тирүү экендиги тууралуу башкы дарыгерге кабар бергенде, ал аны муздаткычта калтыруу керектигин айткан. Бул маалда жетекчинин телефону Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын тыңшоосунда болгон. Бирок укук коргоо органдары барганга чейин муздаткычтагы наристе чарчап калган.

Учурда бул иш боюнча төрөт үйүнүн башчысы менен акушер-гинеколог айыпталууда. Алар күнөөлүү деп табылса 20 жылга соттолушу мүмкүн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>