Site icon Reporter.kg

Казакстанда эң көп улуттуу оркестр Гиннеске кирди

Казакстанда эң көп улуттуу оркестр  Гиннес рекорддор китебине киргенин Казакстандын пресс-клубу билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, эң көп улуттуу оркестр» рекорду Казакстанда коюлган. “Дүйнө музыкасы” долбооруна 51 өлкөдөн 75 улуттун өкүлдөрү катышкан. Бул рекордду Гиннес рекорддор китебинин расмий судьясы Жек Брокбанк бекитти. Ал Астана шаарына келген.

Концерт эң көп улуттуу музыкалык топ чогулган Тынчтык жана ынтымак сарайынын сахнасында өткөн.

Бапыштын «Кара жорго» аттуу казак ыры, Абайдын «Желсиз түндө жарык ай» аттуу фантазиясы, А.Бородиндин «Князь Игорь» операсынан «Половецтердин бийлери» фрагменти ж.б. чыгармалар аткарылды.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version