Site icon Reporter.kg

Казакстанда Кордай ашуусу жабылды 

Казакстанда 22-декабрда саат 13:00гө карата аба ырайынын начарлашына байланыштуу республикалык маанидеги унаа жолдордун эки тилкесинде кыймылга чектөө киргизилгенин «КазАвтоЖол» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Жамбыл облусунда Алматы-Ташкент-Термез унаа жолунун 159-чакырымынан 238-чакырымына чейин Кенен айылынан Кайнар айылына (жаңы Кордай ашуусу) чектөө киргизилди.

Автоунаалардын кыймылы эски Кордай ашуусу менен жүргүзүлөт. Жетисуу районунда Ушарал-Достук автожолунун 84-чакырымынан 184-чакырымына чейин, Көктума станциясынан Достык станциясына чейинки тилкеде кыймыл чектелет.

Белгиленгендей, чектөө унаалардын бардык түрүнө тиешелүү. Ошондой эле республикалык маанидеги жолдордо 718 техника колдонулуп жатканы айтылды.

Exit mobile version