Site icon Reporter.kg

Казакстанда коронавирус үч миңден ашык адамга жукту

Казакстанда коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 3027 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигине таянып жергиликтүү басылмалар жазууда.

Илдет эң көп катталган аймактар Алматы (919 учур) жана Нур-Султан (605 учур) шаарлары.

Коңшу өлкөдө бул илдеттен 774 адам сакайса, 25 адам өмүр менен кош айтышкан.

Соңку маалыматтар боюнча, коронавирус илдети дүйнө жүзү боюча 3 миллион 132 миңден ашык адамга жугуп, 217 970  киши каза болду.

Exit mobile version