Казакстанда коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 3027 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигине таянып жергиликтүү басылмалар жазууда.
Илдет эң көп катталган аймактар Алматы (919 учур) жана Нур-Султан (605 учур) шаарлары.
Коңшу өлкөдө бул илдеттен 774 адам сакайса, 25 адам өмүр менен кош айтышкан.
Соңку маалыматтар боюнча, коронавирус илдети дүйнө жүзү боюча 3 миллион 132 миңден ашык адамга жугуп, 217 970 киши каза болду.