Казакстанда коронавирус күч алгандыктан эки ири шаары кызыл аймакка кирди

Казакстанда коронавирус күч алгандыктан эки ири шаары кызыл аймакка кирди

Казакстанда COVID-19 илдети күч алып, Нур-Султан жана Алматы шаарлары кайрадан кызыл аймакка кирди. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, өткөн суткада Казакстан боюнча 752 жаңы учур катталган. Ал эми эпидемиологиялык абал оорлогонго байланыштуу шаарларында чектөөлөр күчөтүлүп, мечит жана чиркөөлөрдө жамаат менен сыйынууга тыюу салынды.

Ошондой эле Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө чектөө коюлду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>