Site icon Reporter.kg

Казакстанда коронавирус миңден ашык адамга жукту

Казакстанда коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 1091 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигине таянып жергиликтүү басылмалар жазууда.

Илдет эң көп катталган аймактар Нур-Султан жана Алматы шаарлары.

Коңшу өлкөдө бул илдеттен 138 адам сакайса, 12 адам өмүр менен кош айтышкан.

Соңку маалыматтар боюнча, коронавирус илдети дүйнө жүзү боюча 1 миллион 924 миңден ашык адамга жугуп, 119 695  киши каза болду.

Exit mobile version