Site icon Reporter.kg

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 44 адамга жетти

Казакстанда өпкөнү сезгенткен COVID-19 вирусунун жуктуруп алгандардын саны 44 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдиргенин 24.kz басылмасы жазды.

19-мартта коңшу өлкөнүн 8 жараны коронавирус илдетин жугузуп алганы аныкталган.

Ооруну жугузуп алгандардын 25и Нур-Султан шаарында, 19у Алматы шаарында дарыланууда.

Коңшу өлкөдө коронавирустун алгачкы учуру 13-мартта катталган. 15-мартта президент Касым-Жоомарт Токаевдин жарлыгы менен өлкөдө бир айга өзгөчө кырдаал жарыялнган..

Exit mobile version