Site icon Reporter.kg

Казакстанда коронавируска чалдыккандардын саны 60 адамга жетти

Казакстанда өпкөнү сезгенткен COVID-19 вирусунун жуктуруп алгандардын саны 60 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдиргенин 24.kz басылмасы жазды.

Ооруну жугузуп алгандардын  31и Нур-Султан шаарында, 25и Алматы шаарында ал эми 2 адам Карагынды шаарында болсо,  Алматы жана Актөбө облустарынын аймагында бирден адам бул ооруга чалдыккан.

Коңшу өлкөдө коронавирустун алгачы учуру 13-мартта катталган.

Exit mobile version