Казакстанда коронавирустан бир суткада 9 адам көз жумду

Казакстанда коронавирустан бир суткада 9 адам көз жумду

Казакстанда коронавирустан бир суткада 9 адам каза болгонун Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 17-июнда коронавирус жуктуруп алган бейтаптардын ичинен дагы тогузу көз жумган. Бул бир сутка ичинде катталган эң жогорку көрсөткүч.

Каза тапкандар 38 жаштан 82 жашка чейинки кишилер болгон.

Бир күн мурун Саламаттык сактоо министрлиги жети адам өлгөнүн кабарлаган.

Маалыматка караганда, Алматы жана Нур-Султан шаарларында күн сайын жүздөгөн киши вирустук пневмония менен оор абалда ооруканага жаткырылууда.

Расмий маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирустан өлгөндөрдүн саны 97 кишини түздү. Дагы ондогон адам статистикага кирбей калган. Казак бийлиги алардын өлүмүнө коронавирус эмес, башка дарттары себеп болгонун жүйө келтирүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>