Site icon Reporter.kg

Казакстанда коронавирустан каза болгондордун саны 120га жетти

Казакстандын Алматы шаарында 21-июнда  63 жана 60 жаштагы киши коронавирустан көз жумду. Медициналык кызматкерлер маркумдардын кайтыш болгонуна COVID-19 илдети себеп болгон деген чечим чыгарган.

Казакстанда жалпысынан 26 миң киши коронавирус жуктуруп алган. Алардын 120сы каза болгон. Нур-Султан (32), Алматы шаары (20), Павлодар облусу (13), Чымкент шаарында (13) адам өлүмү көп катталууда.

Бул арада вирус жуктуруп алгандан кийин каза тапкан дагы ондогон киши коронавирустан өлгөндөрдүн тизмесине киргизилбегени айтылат. Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги алардын өлүмүнө вирус эмес башка оорулары себеп болгон деген тыянак чыгарган.

Exit mobile version