Казакстанда корукчуну өлтүрүүгө айыпталгандар өмүр бою эркинен ажыратылды

Казакстанда корукчуну өлтүрүүгө айыпталгандар өмүр бою эркинен ажыратылды

21-февралда Караганды соту экоинспектор Ерлан Нургалиевди өлтүрүүгө жана анын кесиптеши Петр Ницыктын өмүрүнө кол салууга айыпталган Кызылордо облусунун үч тургунун өмүр бою эркинен ажыратты.

Мындан тышкары алар «Мыйзамсыз аңчылык кылуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, бөкөндөрдү атуу менен мамлекетке 89 миллион теңге (236 миң доллар) чыгым алып келгени айтылды.

Өкүм чыгардын алдында соттолуучулар каза болгон корукчу Ерлан Нургалиев менен жаракат алган Петр Ницыктын туугандарынан кечирим сурашты. Адвокаттар айыпталуучуларда корукчуну өлтүрүү ниети болбогонун айтып, «Адам өлтүрүү» беренесин башкага өзгөртүүнү суранышкан.

Бул иштин алкагында бөкөндөргө мыйзамсыз аңчылык кылууга айыпталган дагы төрт адамдын ар бири алты жылдан соттолду. Алар күнөөлөрүн жарым-жартылай мойундарына алып, иштин материалдарында айтылгандай 17 эмес, үч бөкөн өлтүрүшкөнүн билдиришти.

Былтыр 13-январда «Охотзоопром» мамлекеттик ишканасынын эки кызматкерине Караганды облусунун аймагында кол салуу болгон. Ал күнү инспекторлор рейд жүргүзүп, бөкөндөрдү атууга шектелген адамдарды колго түшүрүүгө аракет кылышкан. Ошол маалда корукчуларга карата ок атылып, алар оор жаракаттары менен ооруканага жеткирилген. 15-январда Астанадагы ооруканада жаткан 53 жаштагы Ерлан Нургалиев каза болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>