Site icon Reporter.kg

Казакстанда кумшекер жетишсиз болуп жатабы? Жооп

Айыл чарба министрлиги Казакстанда кумшекер жетишсиз болуп жатат деген маалыматты четке какты. Бул туурасында КазТаг жазып чыкты.

«Казакстанда канттын тартыштыгы жок. Республика боюнча таттуу продуктунун запасы 67 миң тоннага жакын. Кант өндүрүшү үзгүлтүксүз жүрүп жатат. Казакстандын стабилдештирүү фондуларында, соода объектилеринде, республиканын кампаларында канттын запасы 31 миң тоннага жакын. Мындан тышкары заводдордо кайра иштетүү үчүн 36 миң тонна камыш сырьёсу бар. Мындан тышкары 16 миң тонна чийки кумшекер жолдо турат. Кант заводдорунда продукцияны өндүрүү үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө», — деп айтылат Айыл чарба министрлигинин жума күнү тараткан билдирүүсүндө.

Ошол эле учурда мекеменин маалыматына караганда, кумшекер «Азык-түлүк корпорациясы» НК» ААК Казакстандын ички рыногуна жеткирүүдө.

«Бааларды турукташтыруу үчүн заводдор аймактардагы турукташтыруу фонддоруна, соода түйүндөрүнө жана жеткирүүчүлөргө жөнөтүшөт, алардын суроо-талаптарына ылайык өндүрүүчүлөргө кант продукцияларын беришет. Үстүбүздөгү жылдын май айында жалпысынан 30 миң тоннадан ашык кумшекер жөнөтүлсө, июнь айына 44,8 миң тонна кумшекер ташылган. Продукцияны аймактарга тез жеткирүү үчүн Айыл чарба министрлиги кызыктар тараптар менен бирдикте Казакстандын аймагы аркылуу темир жол менен товарларды (ак кант, чийки кант) тоскоолдуксуз өткөрүү маселесин иштеп чыгууда», — делет маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Казакстандын кондитерлери канттын жетишсиздигин айтып, бир айга гана кору калганын айтышкан.

Exit mobile version