Казакстанда латын графикасына негизделген казак алфавитинин жаңы долбоору талкууга чыкты

Казакстанда латын графикасына негизделген казак алфавитинин жаңы долбоору талкууга чыкты

Казакстанда латын графикасына негизделген казак ариби талкууга чыгарылды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Ага ылайык, 21-апрелде нормативдик укуктук актылар долбоорунун сайтында «Казак тилинин алфавитин кирилицадан латын графикасына которуудагы айрым маселелер тууралуу» казак президентинин жарлыгынын долбоору жарыяланды. Талкуу 6-майга чейин болот.

2021-жылы январь айында казак алфавитинин жаңы варианты жарыяланган. Анда латын арибиндеги базалык 31 символ жана казак тилине таандык 28 тыбыш толугу менен камтылган. Азыркы ә(ä), ө(ö), ү(ü), ұ(ū) жана ғ(ğ), ш(ş) тамгалары диакритикалык тамгалар менен берилген.

Эл аралык колдонууда бар умляут ( ̈ ), макрон ( ˉ ), седиль ( ̧), бревис ( ̌ ) диакритикалык белгилери киргизилген.

Казак өкмөтү жаңы алфавитке өтүү жараянын 2023-жылдан 2031-жылга чейин жүргүзүүнү пландап жатат.

2017-жылдан бери бул вариант – Казакстанда каралган төртүнчү расмий сунуш болуп саналат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>