Site icon Reporter.kg

Казакстанда мессенджерлерге тыюу салынышы мүмкүн

Казакстан чет элдик WhatsApp, Facebook жана Telegram мессенджерлеринин ишине чектөө киргизиши мүмкүн. Бул туурасында КазТаг маалымат агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда,  ал үчүн коңшу өлкөнүн Маалымат жана социалдык өнүктүрүү министрлиги атайын 14-пунктан турган токтом долбоорун сунуштап чыккан. Ага ылайык чет өлкөлүк онлайн платформанын же мессенджер кызматынын ишин Казакстандын аймагында чектелет.

10-мартта КазТАГ балдарды коргоо шылтоосу менен социалдык тармактарды жабуу Казакстанды жылына 5 миллиард доллар жоготууга алып келээрин эксперттердин пикирине шилтеме жасаган.

Exit mobile version