Казакстанда мугалимдер менен полиция кызматкерлери коронавируска каршы эмдөөдөн өтө баштады

Казакстанда мугалимдер менен полиция кызматкерлери коронавируска каршы эмдөөдөн өтө баштады

Казакстандын Нур-Султан шаарында мугалимдер менен полиция кызматкерлери коронавируска каршы эмдөөдөн өтө баштады. Бул тууралуу аталган калаанын Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка таянсак, 1-февралдан баштап Казакстанда медицина кызматкерлери COVID-19га каршы «Спутник V» вакцинасын алып баштаган. Ал эми 1-марттан тарта мугалимдер, балдар бакчасынын тарбиячылары жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери эмдөөдөн өтөт.

Нур-Султан шаарында эмдөөдөн өткөрүү үчүн жалпы 36 медициналык пункт уюштурулганы кабарланат.

Белгилей кетсек, Орусияда өндүрүлгөн “Спутник V” вакцинасы Кыргызстанда расмий каттодон өткөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>