Site icon Reporter.kg

Казакстанда өткөн ат оюндары боюнча марафондо Кыргызстандын командасы экинчи орунду ээледи

Казакстанда өткөн Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган эл аралык марафондо Кыргызстандын ат чабыш курама командасы экинчи орунду ээледи.

Мелдеш 9-майдан 14-майга чейин болуп, 500 чакырым аралыкты камтыды. Марафонго Кыргызстан, Казакстан, Иран, Орусия жана Венгриядан 19 команда катышты.

Марафондун жыйынтыгы боюнча:

1-орунду Астана шаарынын командасы (Казакстан),

2-орун — Кыргызстан командасы,

3-орун — Улуутау облусунун командасы (Казакстан).

Кыргызстан курама командасынын курамы:

Атайбек Рахатов (Талбас аргымакта);

Шайлообек Жоломан уулу (Гүлсары);

Болоткан Субаналы уулу (Байкара);

Жашар Тогузбаев (Чабалекей);

Асланбек Чоноев (Чарчабас).

Команда машыктыруучу Изат Сыргак уулу, команданын жетекчиси Кубаныч Рыскелдиев Кубаныч жана жылкычы Адил Мусулмановдун жетекчилиги астында өнөрлөрүн көрсөтүштү.

 

Exit mobile version