Site icon Reporter.kg

Казакстанда өз уулун өлтүргөн ата кармалды

мигалка, полиция, милиция

Үрөйдү учурган окуя коңшу өлкөнүн Темиртау калаасында болгонун   Tengrinews.kz. жазып чыкты.

Андагы маалыматтарга караганда аталган шаардын Мира проспектисинин көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 35 жаштагы кишинин сөөгү табылган. Жергиликтүү милиция ал кабарды уккандан кийин издеп жүрүп, өзүнүн атасы өлтүргөнүн таап чыгышкан. Ал эми 68 жаштагы атасы өз уулун бычактап өлтүргөнүн мойнуна алган.  Азыр жергиликтүү мыйзам алкагында иликтөө иштери жүрүп жатыптыр.

Exit mobile version