Site icon Reporter.kg

Казакстанда соцтармактагы «күйөө» аялды 36 млн. теңгеге алдап кеткен

Актөбөдө социалдык түйүндөрдөгү «күйөө» аялды 36 миллион теңгеге алдап кеткенин КазТАГ билдирди.

«22-сентябрда 65 жаштагы аялдан арыз түшкөн. Ал социалдык тармактарда таанышкан шылуундун курмандыгы болгонун айткан. Эч  нерседен бейкапараял батирин сатып, анын эсебиндеги акчаны чыгарып, алдамчыга 36 миллион сомдон ашык акча которгон», — деп айтылат маалыматта.

Полиция АКШнын жаранымын деп тааныштырган кишинин дарегин жана аты-жөнүн, акча салган эсептери боюнча бардык маалыматтарды тактады.

Кошумчалай кетсек, “күйөө бала” пенсияга чыккандан кийин Казакстанга көчүп келүү ниети бар экенин жазган.

Бул факты боюнча Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 190-беренесинин 4-пункту (алдамчылык) боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version