Коргоо министрлигинин 52806 аскер бөлүгүндө ЖККУнун тынчтыкты сактоочу күчтөрүнүн курамында Казакстандагы кырдаалды турукташтыруу боюнча милдеттерди ийгиликтүү аткарган аскер кызматчыларын сыйланды. Бул туурасында Коргоо министрлиги социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Маалыматка караганда, иш-чарада тынчтыкты сактоочу контингенттин өздүк курамы мамлекет башчысынын баалуу белектери менен сыйланышты.
Иш-чара аскер кызматчылардын өздүк курамынын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.