Site icon Reporter.kg

Казакстанда январь окуясына байланыштуу дагы бир кыргызстандык кармалды

Казакстандагы январь окуясында дагы бир кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу “Ордо” басылмасы жазып чыкты.

Кыргызстандын жараны Талгат Темиркан 28-январь күнү Тараз шаарындагы СИЗО-13кө киргизилген.

Кармалган адамдын айтымында, ал 6-январга караган түнү тополоң болуп жаткан шаардын аянтынан өтүп кеткен. Ал жерден колуна ок тийип, ооруканага жаткырылган. Ал 14-январга чейин ооруканада жаткан.

Exit mobile version