Site icon Reporter.kg

Казакстанда «Z» белгисин танктарга сырдап кеткен киши пайда болду

Караганды облусунун Саран шаарында танкты «Z» белгиси менен боёгон киши кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Андагы маалыматтарга караганда, Караганданын сейил багында танкты сырдап жаткан 54 жаштагы шаар тургуну кармалды. Учурда ага карата Казакстан Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 434-беренеси боюнча административдик протокол түзүлдү.

Эске салсак, буга чейин Сарандагы танкта Орусиянын Украинадагы агрессиясын билдирген “Z” белгиси пайда болгону белгилүү болгон.

Exit mobile version